Коом
Баткенде селдин кесепетинен алты көпүрө жарактан чыкты
Баткенде селдин кесепетинен алты көпүрө жарактан чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
2020-жылдын 26-июль күнү Баткен облусунун Кадамжай районунда саат 19:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Охна сел өтүүчү сайынан сел жүрүп, алты көпүрөнү жараксыз абалга келтирген.
«ӨКМнин Кадамжай райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, айыл аймак өкүлдөрү тартылган. 26-июлда тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп, учурда калыбына келтирүү иш-чаралары өтүүдө», — деп берилет маалыматта.
Эске сала кетсек, Тогуз-Торо районунда дагы сел жүрүп, 21 турак үйдү суу каптаган.