Коом

Баткенде селдин кесепетинен алты көпүрө жарактан чыкты

Баткенде селдин кесепетинен алты көпүрө жарактан чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

2020-жылдын 26-июль күнү Баткен облусунун Кадамжай районунда саат 19:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Охна сел өтүүчү сайынан сел жүрүп, алты көпүрөнү жараксыз абалга келтирген.

«ӨКМнин Кадамжай райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, айыл аймак өкүлдөрү тартылган. 26-июлда тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп, учурда калыбына келтирүү иш-чаралары өтүүдө», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, Тогуз-Торо районунда дагы сел жүрүп, 21 турак үйдү суу каптаган. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button