Кеңеш

Бир күндө канча грамм дарбыз жеш керек. Адистен кеңеш

Биотехнология жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча федералдык илимий-изилдөө борборунун илимий жетекчиси, Россия Илимдер академиясынын академиги Виктор Тутельян  дарбыздын ден-соолукка зыян келтирбей жей турган максималдуу бөлүгүн атады. Бул тууралуу «Комсомольская правда» жазды.

Эксперттин айтымында, дарбыздын көптөгөн пайдалуу касиеттери бар. Бул жемиште бета-каротин, B5, A, B6, кремний, кальций, магний, калий, натрий, темир, цинк жана фосфор көп. Аларда фолий кислотасы жана аминокислотанын лизин бар, ал кальцийдин сиңүүсүн жакшыртат.

Тутельян  белгилегендей, дарбызды орточо пайдалануу ачкалыкты басаңдатууга жана арыктоого жардам берет. Бул дарбызда суюктуктун көп болушу менен шартталат, ал ашказанды толтурат.

“Бирок бул азыкты  колдонууда этияттык керек. Дарбызда көп шекер бар — 100 граммда, 3-5тен 10 граммга чейин. Бул, биринчиден, уйку безине ашыкча жүктөм. Экинчиден, аны көзөмөлсүз колдонуу ашыкча салмакка алып келиши мүмкүн”,-дейт адис.

Тутельяндын айтымында, чоң кишилер күнүнө 400-500 грамм, ал эми балдар үчүн  300-400 граммды  негизги тамактан кийин  жеген жакшы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button