Коом
К.Боронов: Акыркы аптанын ичинде оорунун басаңдаганы байкалууда
Акыркы аптанын ичинде оорунун басаңдаганы байкалууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйында билдирди.
«Баары оңолду деп айтканга эрте. Аймактардагы
эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон калууда. Жалал-Абад облусу, Ош шаары,
Ысык-Көл облусунда дагы деле абал оор бойдон турат. Ысык-Көлдө жайкы эс алуу
мезгилинин келиши менен эс алуучулар көбөйдү. Ички эс алуучулардын саны да көбөйдү.
Бул адамдар Ысык-Көлдө жүргөндө катталууда. Аймактардагы эпидемиологиялык
абалдын курчушун алдын алуу боюнча өкмөт катуу жумушту алып барып жатат.
Стационарларды ачып, жабдыктар менен жабдуу жана башка иши жүргүзүлүүдө», — деди
ал.