Коом

Коко Шанель тууралуу кызыктуу фактылар

Габриэль Бонер Шанель аттуу XX кылымдын легендасына айланган бул аял мода индустриясына төңкөрүш жасап, бүтүндөй европалык модага таасир эткен.

Коко француз шаары Сомюреде жарык дүйнөгө келген. Апасы төрөт учурунда каза  болгону аз келгенсип, 12 жашка чыкканда атасы аны төрт бир тууганы менен таштап баса берген. Коконун бала чагы ошентип балдар үйүндө өткөн.

18 жашында кийим-кече саткан дүкөндө иштеп баштап, бош учурунда кабареде Ko Ko Ri Ko  жана  Qui qu’a vu Coco атуу ырларды ырдагандыктан эл арасында Коко деген каймана атка ээ болгон.

Шанель жаштайынан аялдардын шляпасын жасаганды жактыра турган. 1910-жылы ал Париж шаарында алгачкы шляпа дүкөнүн ачкан. Анын колунан жаралган шляпаларды париждик аялдардын дээрлик бардыгы кийген.

Коко Шанель жээнин туткундан бошотуп берген немис офицерин жактырып калып,  анын менен махабат кургандыгы үчүн түрмөгө түшүп, кийин Франциядан куулуп чыккан. Ошентип, дээрлик 14 жыл  боюу мода индустриясы тууралуу унутууга аргасыз болгон.  

Коко мына ушундан кийин Артур Кейпел аттуу англиялык жигитти жактырып калган жана аны өмүр боюу сүйүп өткөн. Артур даңазалуу бул айымдын чыгармачылыгына өтө чоң таасир эткен. Артурдун автокырсыктан улам каза болуусу Шанельге өтө катуу тийген. Мына ушул трагедия менен аяктаган аруу сүйүүсүнүн урматына ал кийин дүйнө жүзүнө «Chanel Boy» деген сумканы тартуулаган.

Коко Шанель 1921-жылы Chanel № 5 духисин сунуштаган. Ал атырлардын ичинде  дүйнө жүзүндөгү өтө көп сандагы синтетикалык каражаттардан жана альдегиддерден турган алгачкы духи болчу. Өзүнүн узак убакытка сакталуучу жыпар жыты менен аталган духилер тез эле аялдардын эңсеп күткөн буюмуна айланган.

Ар дайым колго көтөрчү сумкасын койгон жерине унутуп кете берген унутчаактыгы жанына батканда  Коко ийинге илип алчу узун чынжырчасы бар жана да өтө чоң эмес өлчөмдөгү Chanel 2.55 сумканы ойлоп тапкан. Бул сумкелерин такай колтукка кысып, же колуна кармап жүрчү аялдар үчүн табылгыс белек болгон.   

Габриель мындан сырткары бижутерия менен берметти модага киргизген. Анын оюу боюнча элеганттуу жасалгалар кандай гана кийимге болбосун ылайык келмек.

Коконун жүндөн даярдалган кездемеден тигилген костюму асемдүүлүктүн жана элеганттуулуктун нак өзү болуп калган. Кызыгы буга чейин бул материалдан тек гана эркектер үчүн костюм тигилип келген. 

Шанель күнгө күйгөндү жактырчу жана көпчүлүк учурларда аны ушундай көрүүгө болор эле. Барып-барып анын күнгө күйүп, эл алдында чыгуусу дагы дүйнө жүзүндөгү аялдардын модасына айланган.

71 жашка толгондо Коко мода дүйнөсүнө кайтып келип, бир катар жаңы коллекцияларды сунуштаган. Анын бул коллекциясына күбө болуп отурушкан көрүүчүлөр менен сынчылар Коконун талантына таазим иретинде ордуларын туруп кол чабышкан.

1931-жылы Шанель чакыруулар боюнча Америка кетип,  Одри Хепберн жана Лиз Тейлор өңдүү голливуд жылдыздарынын стили үстүндө иштеген. Көп өтпөй АКШ  Коко Шанельге «ХХ кылымдын эң таасирдүү дизайнери» — деп баа берген.

Коко Шанель 88 жаш курагында дүйнө жүзүнө белгилүү Шанель үйүнүн каршысындагы «Риц» отелинде бул дүйнө менен кош айтышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button