Өзүн мындан жети жыл мурун өлгөн деп өз оозу менен расмий айтып, 2010-жылы алгач Малазияга, кийин Белоруссияга качып, баш паанек алып жүргөн Даниил Урицкий-Данияр Үсөнөв боюнча жакында эле ак орустрадын президенти А. Лукашенко менен маектешип жаткан видеосу тараган. Дал ошол видео маек Белоруссиянын оппозициясынын кыжырын кайнатып, бозгунда жүргон Бакиев кланына да кыйыр таасир берген. Тогуз күндөн берки Минскидеги элдик толкундоолордон кийин инсайдердик маалымат боюнча Данияр Үсөнөв Лондонго качканы маалымдалды.