Саясат

Беларусиянын Коргоо министри демонстранттарга каршы курал колдонууга уруксат берди

Беларусиянын Коргоо министри Виктор Хренин демонстранттарга каршы курал колдонууга уруксат берди. 20-августта күч түзүмдөрүнүн башчылары менен болгон жабык жолугушуусу «Наша Нива» басылмасы тарабынан жарыяланды.


«Бизди, анын ичинде Тихановская дагы:

«Кылмыштуу буйрукту аткарбагыла»дешет . Бул аял бизди чыккынчылыкка, мыйзамды бузууга — буйруктарды аткарбоого үндөйт. Ал кылмыштуулукпу кылмыштуулук эмеспи,… — Биз аскер адамдарыбыз », — деди ал.

Министр армия уставга ылайык иш алып барган күзөтчүнүн ролун аткарып жаткандыгын белгиледи.

«Эгер эскертүү берилгенден кийин, тартип бузуучу кыймылын уланта берсе, күзөтчү асманга  карай ок атышы керек. Андыктан өлтүрүү үчүн атып салбайбыз.
Бирок мындан ары да улана берсе, биз аны жасайбыз.

  Мен чындыгында мындай кылгым келбейт, бирок бул күзөтчүнүн милдети, ал эми армиянын  милдети «асманга ок чыгарбоо «,- деп кошумчалады.

Ошондой эле, министр Беларуссия жарандык согуш абалына туш болушу мүмкүн деген сценарийди четке каккан жок.

«Бүгүнкү күндө бул чындык. Күмөн санагандар “Токто ок атам” деген буйрукка жеткирбей кетишсе жакшы болот «, — деп жыйынтыктады Хренов.

Буга чейин Беларусс оппозициясы «кылмыштуу буйрукту» аткаруудан баш тарткан  коопсуздук кызматкерлерине,  турак-жай берүүгө, кол тийбестик жана билим берүү жаатында, андан  башка карыздарын кечүүгө убада берген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button