Коом

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери атайын окуудан өтүүдө

Бишкекте 24-26-август күндөрү мамлекеттик органдардын жана күч түзүмдөрүнүн басма сөз кызмат өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын окуулар башталды. Бул тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинен билдирди.

Катышуучулар Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан келишкен.

Бул күндөрү алар мультимедиалык материалдарды даярдап, онлайн аспаптар менен таанышып жана ошондой эле онлайн жана офлайн кампаниялар аркылуу коомчулукка өз мекемелериндеги иш-аракеттер тууралуу айтып берүү боюнча маалымат алышат.

Сабактар бардык санитардык эрежелерди сактоо менен өтүлүүдө. Окутууну Европа Биримдигинин каржылоосунун негизинде Internews эл аралык уюму ишке ашырган “Борбор Азияда радикалдашууга жана туура эмес маалымат таратууга туруктуулукту күчөтүү” аттуу долборунун алкагында “Журналисттер” коомдук бирикмеси уюштурду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button