Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басары рангындагы Өзбекстандын премьер-министринин кеңешчиси Мехриддин Хайриддинов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулады.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров аталган жолугушуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Коронавирустук инфекциянын жайылышынан, ошондой эле бир катар объективдүү себептерден улам, эки өлкөнүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясынын иши жайлап калды. Буга карабастан, биз, кылымдар бою коңшулук мамиледе жашап келген бир тууган эл катары, калган тилкелерди делимитациялоо процессин тез арада жыйынтктоого кам көрүүбүз керек жана 2017-жылы кол коюлган Келишимге ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо ишин баштообуз керек», — деди Акрам Мадумаров жана эки делегациянын мындан аркы биргелешкен активдүү иши зарыл экендигин баса белгиледи.

Өзбекстандын премьер-министринин кеңешчиси Мехриддин Хайриддинов чек ара маселелерин чечүүнүн манилүүлүгүн белгилеп, өкмөттүк делегациялардын жемиштүү кызматташтыгына ишеним билдирди.