Бизнести колдоо боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан аракеттердин натыйжасында өлкөдө чакан ишкерлик 80 пайызга чейин калыбына келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өткөн.

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, бул маалыматтар патенттин негизинде иш алып барган чакан жана орто бизнестин мониторингинин жыйынтыгында алынган.



Эгер 2020-жылдын январь-февраль айларында берилген патенттин саны 95-97 миңге жетсе, март айында 20 миңге чейин азайган. Азыр бул көрсөткүч 75 миңге жакындап калды. Мындан тышкары, 2020-жылдын 8 айында салык кирешелеринин көлөмү 37,5 миллиард сомго жетти (2019-жылдын январь-август айында – 38,9 миллиард сом).

«Чакан жана орто ишкерлик субъектилерине жеңилдик түзүү жана бирдиктүү салык декларациясын оптимизациялоо боюнча иш жүрүүдө. Санарип технологияларды колдонуу менен чек арадан товарларды алып өтүү процедуралары жеңилдетилүүдө, ал өз учурунда контрабанданын азайышына алып келет. Бул иштин негизги элементтеринин бири — «Бир терезе/бир токтотмо» долбоорун ишке ашыруу жана Бажы кызматында электрондук декларация толтуруу, ошондой эле Салык кызматынын «Санарип салым» сервердик моделине өтүүсү», — деди премьер-министр.

Мындан тышкары, инвесторлордун жана ишканалардын алдында турган маселелерди тез арада чечүү максатында өкмөт өнөр жай ишканаларын жана инвестициялык долбоорлорду колдоо боюнча кураторлук механизмин киргизүүдө. Биринчи тапта бул тизмеге кайра иштетүүчү 29 ишкана, тамак-аш жана жеңил өнөр жай ишканалары, ар кыл тармактагы 10 инвестициялык долбоор кирди.

Премьер-министр бизнести колдоо максатында антикризистик чаралар көрүлгөнүн, өкмөттүн 2020-жылга карата Социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча иш-аракет планы бекитилгенин билдирди. Деген менен мурдагыдай ыкмалар менен экономиканы кайра калыбына келтирүү мүмкүн эмес экени да белгиленди.

 Кубатбек Боронов көнүп калган шаблондор менен иш алып барууну токтотуп, айрым багыттар боюнча ишкерлерди колдоп, инвесторлордун ишенимин кайтарып, экономикадагы терс тенденцияларды өзгөртө турган стандартуу эмес тез кадамдар зарылдыгын кошумчалады.