Коом
Борбор калаада Эгемендүүлүктү белгилөөгө даярдыктар көрүлүүдө
Борбор калаада Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Ала-Тоо» аянтынын «Илбирс» имаратынын сыртына майрамдык баннерлер илинип, жасалгалоо иштери жыйынтыкталды. Жалпы шаардык жасалгалоо иштерине, иш-чараларга жана фейерверкке 2 миллион 700 миң сом каралган.
«31-августта аянтта медициналык «Тез жардам»
кызматынын унаасы жана бир өрт өчүрүү унаасы болот. Коомдук коопсуздукту
камсыздоо максатында Бишкек шаарынын ИИББинин жеке курамы тартылган», —
деп айтылат маалыматта.