Бул тууралуу мамлекет башчысы кыргызстандыктарды эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосунда айтты.

“Урматтуу мекендештерим!

Жалпы дүйнөнү алдастаткан пандемия биздин мамлекетти да чоң сыноого туш кылды.

Кыйын күндөрдү өткөрдүк.

Бирок биз күрөштү тынбай уланттык.

Кол куушуруп, мүңкүрөп отуруп калган жокпуз.

Бул апааттан кутулуу — мамлекеттик бийликтин аракетинен гана эмес, коомдун биримдигинен жана жоопкерчилигинен көз каранды экенин көрдүк.

Биздин саламаттык сактоо системабыз менен экономикалык дараметибиз гана эмес, элибиздин ынтымагы да чоң сыноодон өттү.

Саламаттык үчүн болгон кармашта элибиз өзүнүн сабырдуулугун жана кайрымдуулугун көрсөттү.

Биз, Кыргызстан эли, коомдук тилектештикти туу туткан журт экенибизди бышыктадык.

Мына ушул күрөштүн жүрүшүндө ынтымак баарынан кымбат экенине дагы бир ирет ынандык.

Биздин элде „алам“ дегенден, „жардам берейин“ дегендер көп экенин көрдүк.

Дээрлик баардыгыбыз жардамга муктаждарга колубузду сундук.

Бүгүн биздин арабызда мына ушул күндөрү чоң күчкө айланган ыктыярчыларыбыздын эң кенжелери отурат.

Көзгө көрүнбөгөн душманды жеңүүгө кыялындагы жактырган буюмун алууга топтогон каражатын берген ушул балдарыбыздын келечеги кең болсун, тилектери ишке ашсын.

Кыргызстаныбыздын татыктуу уул-кыздары болуп чоңоюшсун.

Улутубуздун көөнөрбөс духу, ата-бабалардын руху жаңы тарыхта да татыктуу жашап жатканын жаштарыбыз далилдеди.

Дарыгерлерибиз, тартип сакчыларыбыз, аскерлерибиз, ыктыярчыларыбыз, ишкерлерибиз тикеден тик туруп, элдин өмүрүн жана саламаттыгын коргоого жан үрөп салым кошту.

Бүгүн жалпы элибиздин атынан баарыңыздарга терең ыраазылык билдирем!”-деди президент.