Коом
Бир сутка ичинде COVID-19 инфекциясы 78 адамдан аныкталды
Өлкөдө бир сутка ичинде COVID-19 инфекциясы 78 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан маалымдашты.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында — 18
— Ош шаарында – 1
— Чүй облусунда – 10
— Ош облусунда – 6
— Талас облусунда — 2
— Нарын облусунда – 4
— Ысык-Көл облусунда – 14
— Жалал-Абад облусунда – 11
— Баткен облусунда — 12
Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 43898ди түздү.
Ал эми өлкө боюнча жалпы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 261 адамды түздү. Айыгып чыккандардын жалпы саны 38 миң 492 учурду түздү.