Ысык-Көл облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Облустук ыкчам штабынын маалыматына ылайык, эпидемия башталгандан бери 119 күндүзгү стационар ачылып, аларда 1 миң 655 орундук түзүлгөн.

Учурда облус аймагында 6 аймактык оорукана, 6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 2 жалпы дарыгерлик практика борбору, 53 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 120 фельдшердик акушердик пункт бар.

Облустук медициналык мекемелерде 740 дарыгер, 2 миң 144 медайым жана облуска сырттан келген 52 дарыгер эмгектенүүдө. Облустук жана райондук аймактык оруканаларда кычкылтек тутумдары орнотулган, мындан сырткары облус боюнча 1014 кычкылтек концентратору бар, алардын 593 даанасы ооруканаларда, калгандары күндүзгү стационарларда. Облус боюнча 15 стационардык жана 4 көчмө рентген аппараты бар.