Эгер окуу башталса кайсы класстар мектепке биринчилерден болуп келет?
Бул тууралуу Надира Жусупбекова «Ала-Тоо 24» каналынын эфиринде берген маегинде билдирди.
«Эгер кырдаал
туруктуу болсо, менин оюмча, биздеги варианттар боюнча биринчи кезекте мектепке
5, 9 жана 11-класстардын окуучулары келишет. Бирок, 2-класстарды да биз унутта
калтырган жокпуз. Анткени алар 1 жыл гана окушту, анда да былтыркы окуу жылы
толук болгон жок. 9 жана 11-класстар — бүтүрүүчүлөр. Алар канчалык реалдуу
окушса, ошончолук жыйынтык жакшы жана балдардын өзүнө болгон ишеничи жогору
болот. Эмне үчүн 5-класстар? Анткени алар башталгыч мектептен жогорку класска
которулат. Аларга ар башка мугалимдер билим бере баштайт. Ошондуктан аларга оор
болуп жатат», — деди министрдин орун басары.
Ошондой эле ал эң башкысы балдардын, мугалимдердин жана ата-энелердин
коопсуздугу экенин белгиледи.