Акыркы сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында коронавирус аныкталган медицина кызматкерлери катталган жок. Саламаттыкты сактоо министрлигинин бүгүн, 3-сентябрга карата билдирген маалыматы боюнча, дагы 1 медицина кызматкери оорудан айыкты. Ошондой эле үй карантинден 9 медицина кызматкери чыгарылган.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда COVID-19 диагнозу 3136 медицина кызматкеринен аныкталган. Алардын ичинен 2506 адам айыкты.