Коом

Грузияда коронавирустун экинчи толкуну башталганы жарыяланды

Грузияда коронавирустун күтүлүп жаткан экинчи толкуну башталганын премьер-министр Георгий Гахария жарыялады, деп жазды «Европейская правда» басылмасы. 


Георгий Гахариянын маалыматына караганда, Тбилисиде масштабдуу үйлөнүү той өткөрүлгөндөн кийин коронавирусту кайра жугузган учурлар аныкталган.  

Грузияда бүгүн 57 адамдан, кечээ 44 жарандан коронавирус аныкталган. Бул көрсөткүчтү өлкөдөгү эпидемиологиялык абал өзгөрүп жатат деп баалашкан.

Грузияда 10-сентябрга карата катталган 57 бейтап суткалык рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

Бул өлкөдө жалпы 1773 адамга коронавирус жугуп, анын ичинен 1325 адам айыкты. Оору жуккандан кийин 19 бейтап көз жумган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button