Коом
COVID-19: 1849 адам үй шартында дарыланууда
Бүгүн, 16-сентябрга карата Кыргызстандагы ооруканаларда коронавирус жана пневмониядан 509 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрдагы брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Алар:
- Бишкек шаарында – 107;
- Жалал-Абад облусунда– 80;
- Ысык-Көл облусунда – 66;
- Ош облусунда – 79;
- Баткен облусунда – 104;
- Чүй облусунда – 37;
- Талас облусунда – 14;
- Нарын облусунда – 9;
- Ош шаарында – 13.
Ал эми үй шартында 1849 адам дарыланууда:
- Бишкек шаарында – 919;
- Ош облусунда – 101;
- Чүй облусунда – 355;
- Ош шаарында – 330;
- Ысык-Көл облусунда – 50;
- Жалал-Абад облусунда – 15;
- Баткен облусунда – 32;
- Нарын облусунда – 33;
- Талас облусунда – 14.