Кылмыш-кырсык
Улуу Британияда 13 баланын энеси каза болду
Улуу Британияда 13 баланын энеси жана «Кош бойлуу» телешоусунун жылдызы Мэнди Гарднер өз жанын кыйды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 43 жаштагы Мэндинин сөөгү 7-апрелде Вортинг шаарындагы үйүнүн жанындагы токойдон табылган, бирок аялдын өлүмү тууралуу азыр гана белгилүү болду. Патологдор өлүмдүн себеби суицид болгон деген тыянакка келишкен.
2016-жылдагы көрсөтүүдө жубайлар он экинчи наристесин күтүп жатышканын жана үй-бүлөлүк маселелер жөнүндө сүйлөшкөн. Ошол эле убакта ал өз жанын кыюу жөнүндө да сөз кылган.