Акыркы суткада коронавирус 4 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда бир, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда бир адам каза болду.

Белгилей кетсек, 9-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 275 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 48 миң 617ни түзөт. Алардын ичинен 44 миң 97 киши айыгып чыкты, 1 миң 77 адам каза болду.