Коом

Кыргыз милициясынын 96 жылдыгына карата ИИМдин «Шумкар» Атайын багыттагы полкунда майрамдык иш-чара болуп өттү

Кыргыз милициясынын 96 жылдыгына  карата ИИМдин «Шумкар» Атайын багыттагы полкунда майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин  “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

1-ноябрь Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүн 96 жылдык мааракексине арналган салтанаттуу иш-чара ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунда болуп өттү.

Кыргыз милициясы түзүлгөн мезгил кыргыз элинин башынан өткөргөн эң татаал учурга туш келген. Кылымга тете убакыттын ичинде ага эки доордун оош-кыйыштарын башынан өткөрүүгө туура келди, күрөш жолунда такшалды, коом үчүн зарылчылыгын айгинеледи. Мезгил сыноолорун татыктуулук менен жеңип, коомдук тартиптин сакчысы катары эл ишенимине ээ болуп келет.

Салтанаттуу майрамда Кыргыз милициясынын өсүп өнүгүшүнө коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоодо кошкон салымдары үчүн:

Полктун кызматкерлери жана ардагерлери ички иштер министринин жана полктун командиринин буйруктары менен ар кандай медалдар, грамоталар менен сыйланып, атайын наам ыйгарылды. 

 Салтанаттуу иш-чара өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button