Саясат

АКШ президентинин ант берүү аземине даярдыктар көрүлө баштады

АКШ президентинин ант берүү аземине даярдыктар көрүлө баштады. Анда аземди 2021-жылы 20-январда ачык асман алдында өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу чет элдик  басылмалар жазышты.

Ага ылайык, учурдагы коронавирус пандемиясына карабастан азем толук масштабда өтөт. Ал эми аянтта ант берүү аземине даярдыктарды азыртадан көрө башташты.

Аземди ачык асман алдында өткөрүү комитетинде 6 адам бар экендигин АКШнын Биргелешкен инаугурация комитетинин жетекчиси Рой Блант билдирген.

3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болуп өттү. Анда негизги атаандыштык Жо Байден жана Дональд Трамп ортосунда болду. Жыйынтыгында Жо Байден жеңишке жетти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button