Эгерде референдум жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынып калса, анда бүткүл цивилизациялуу дүйнө Кыргызстандан жүзүн бурат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.

“Бул мыйзам долбоору депутаттар тарабынан иштелип чыккан эмес. Эгерде биз бул мыйзам долбоорун кабыл алсак, анда ал жөнүндө билмекпиз. Өмүрбек Текебаевдей эле мен да Конституциянын текстин жакшы билем жана өзгөртүүлөргө кызыкдармын. Ага депутаттар жөн гана кол коюп беришти. Жумушчу топко кимдер киргенин билбейбиз. Бул эксперттер менен юристтердин катышуусунда ачык-айкын болушу керек эле”, – деди Каныбек Иманалиев.

“Бул демократияны четке кагуу. Бийликтин үч бутагы бар, төртүнчүсүн биз ММК деп атайбыз. Эми алардын үстүндө курултай, курултайдын үстүндө президент болот экен. Бул диктатордук өлкөлөрдө деле кездешпейт. Жана кыргыздарда гана бийликтин бешинчи бутагы болот. Бул уят. Бүткүл цивилизациялуу дүйнө Кыргызстанга күлөт. Мыйзам долбоору бир айдын ичинде коомдук угуулардан өтүп, андан соң алты айдын ичинде парламент тарабынан кабыл алынышы керек. Алар бир айдын ичинде мыйзам долбоорун тез арада талкуулап, кабыл алууну каалашат. Бүткүл цивилизациялуу дүйнө бизден жүзүн бурат”, – деди Каныбек Иманалиев.

Булак: Кыргызтудей