Кыргыз Республикасындагы акыркы 30 жылдагы саясий, экономикалык, социалдык окуяларды, ошондой эле, азыркы тапта мамлекет жана анын булагы болгон жарандардын абалын эске алуу менен «Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы түзүлгөнүн жарыялайбыз.

«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы – бул прогрессивдүү, алдыӊкы жарандардын ыктыярдуу баш кошуусу.

Кыймылдын башкы максаты – Кыргыз Республикасынын күчтүү, өнүккөн, демократиялуу мамлекет болушуна, ошондой эле, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган.

«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы Кыргыз Республикасынын алдыӊкы, өнүккөн, цивилдүү мамлекет болушун каалаган прогрессивдүү адамдар, жаштар, жана ошондой эле, күчтөр менен иштешүүгө эшиги ачык.

«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы – 6-октябрдагы окуяларды жарандардын, жалпы элдин бийликке карата нааразычылыгынын туу чокусу деп эсептейт.

«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы – 17-ноябрда коомчулукка сунушталган Конституциянын долбоорунун мындай абалда кабыл алынышына каршы. Анын ушул калыбында кабыл алынышы Кыргыз Республикасынын келечегине балта чабат, андыктан долбоор кескин өзгөрүүлөргө, алымча-кошумчаларга муктаж деп эсептейт.

«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы – Кыргыз Республикасы Парламенттик- президенттик башкаруу системасы менен гана өнүгүүгө жетише алат деген ишенимде.

«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы – Кыргыз Республикасынын Президенти бир гана мөөнөткө 6 жылга шайланганы туура деп эсептейт. 2 мөөнөткө 10-15 жылга шайланган буга чейинки президенттер А.Акаев менен К.Бакиевдин каталарынын кайталанышы Кыргызстан элинин жашоо-турмушун төмөндөтүп, мамлекетти артка тартканын унутпоону эскертет. Жыйынтыгында жаӊы Конституциянын долбоору эгер ушул калыбында кабыл алынса анда Президент түшпөс Ханга же «Ажырдаарга» айланат деп тынчсызданат. Президент Курултай алдында формалдуу жоопкер, бирок, Курултай дагы аны кызматтан кетире албайт.

«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылынын анализинде Конституциянын жаӊы долбоорунун 79-беренесине ылайык (1-пункт) аткаруу бийлигин Президент жана ага баш ийген Өкмөт жүзөгө ашырат, бирок, ошол эле маалда Президент аткаруу бийлигинин курамына кирбей калганын (3-пункт) белгилейт. Бул өз кезегинде эбегейсиз укукка ээ Президент аткаруу бийлиги иштей албай калган учурда Өкмөт башчысын жана министрлерди өзү каалагандай алмаштырып, аларды отставкага кетирип, бирок, өзү жоопкерчиликке тартылбай кала берген акаевдик жана бакиевдик системаны кайра кайтармакчы.

«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы эгер Президент аткаруу бийлигин жетектеп, ишке ашырган болсо ал анын башына келип, Өкмөттү өзү башкарышы зарыл, аткаруу бийлигинин башында бир эле учурда Президент дагы, Өкмөт дагы турганы туура эместигин белгилейт. Ал эми Өкмөт жана анын башчысы Парламент тарабынан шайланып, эгер Өкмөт иштей албаса Өкмөткө да, аны башкарган Президентке да ишеним көрсөтүлбөй, Өкмөт да, Президент да кызматынан кетүүгө тийиш деп эсептейт.

Ал эми Парламент толугу менен партиялык система менен түзүлгөнү кыргыз элинин тарыхый өнүгүшүнө, каада салттарына туура келет.

«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы ошол эле маалда Саясий партиялардын системасына талапты жогорулатуу зарыл деген ойдо. Саясий партиялардагы ички атаандаштык мыйзам ченеминде жөнгө салынып, тизме түзүү процедурасы ачык, калыс, акыйкат жүргүзүлүшү керек, тизме түзүү нормалары, ченемдери мыйзамда так, ачык жазылышы зарыл, деп эсептейт.

«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы – Курултай институтуна каршы эмес. Бирок, ошол эле маалда Курултай канча адамдан тураары, ал кандай жол менен түптөлүп, калыптанаары, кандай учурда ишин токтотоору такталбагандыгына тынчсызданат. 120 депутатты көп деп эсептеп жаткан маалда 40 район, 7 облусттан Курултайга шайланган (дайындалган) делегаттар автоматтык түрдө депутаттык укуктарга ээ болуп, анын аркасында Кыргыз Республикасы 120 депутаттын ордуна 1200 депутатка ээ болооруна тынчсызданат.

Бул өз кезегинде жер-жерлерде бийликтин ишине жөнү жок, формалдуу эмес жолдор менен кийлигишүүгө, коррупциянын кайрадан гүлдөп, өнүгүшүнө алып келет. Себеби, 1200 делегат айлык албаганы менен алар өздөрүн бийликтин туу чокусу катары эсептеп, бул болсо өз кезегинде акча, кызмат жана башка материалдык байлыктарды мажбурлап суроого алып келээрине шек жаратпайт. Анын үстүнө делегаттар Конституциянын жаӊы добооруна ылайык кадр маселесине да кирише алат, бул болсо жалпы мамлекеттик кадр саясатына кедергисин тийгизишитолук ыктымал.

«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы ошол эле маалда Курултай өз алдынча чогула албастыгын, ал Президенттин эрки менен гана чогулуп, тараары, делегаттар кандай критерий менен шайланаары такталбаганын баса белгилейт.

«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы – 28-октябрдан кийин ишмердиги юридикалык жактан шек саналып жаткан Жогорку Кеӊештин 6-чакырылышы Конституциянын сунушталган долбоорун демилгелеп, тарыхта биротоло принципсиз, өз милдеттерин так аткара албаган, көз каранды, күнкор курам экендигин дагы бир ирет намыссыз бул кадамы аркылуу далилдегендигине өкүнөт. 28-октябрдан кийин 6- чакырылыш мындай демилге жасоого юридикалык жактан дагы, моралдык жактан дагы, саясий жактан дагы укуксуз болчу.

«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы сунушталган Конституциянын долбооруна ылайык Президенттин колуна эбегейсиз бийлик топтолуп жатканына тынчсызданат. Атап айтканда, ал өзү жалгыз Өкмөттү курап, министрлерди дайындап, аларды кызматтан алып, ошондой эле, мыйзам долбоорун демилгелеп, Өкмөттүн актыларын жеке өзү жокко чыгарып, өзүнүн атынан Жарлык чыгаруу сыяктуу дагы көптөгөн чексиз укуктарга ээ болот.

«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы Конституциянын жаӊы долбоору негизинен Президенттин ыйгарым укуктарын ченемсиз күчөтүп, көбөйтүүгө багытталганын өкүнүч менен белгилейт. Бул жол 2005-жылдын 24 мартындагы, 2010-жылдын 7-апрелиндеги, 2020-жылдын 6-октябрындагы окуяларга алып келгендигин тарых эскертет.

«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы Кыргыз Республикасында диктатура орнотууга, бийликти узурпациялоого жарандарыбыз, байыркы кыргыз эли жол бербестигине тереӊ ишенет. Ошондой эле, Кыргызстандын келечеги бир гана эркиндикти жана адам укуктарын сактаган, эркин, билимдүү, прогрессивдүү адамдарда, долбоорлордо жана демилгелерде деп эсептейт. Ал үчүн Кыргызстанда сөз эркиндигин туу туткан, өз ара теӊ салмакты жана балансты сактаган бийлик бутактарынын иши майнаптуу жана элге багытталган болууга тийиш деп эсептейт.

«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы Конституциянын долбоору ушул калыбында кабыл алынбашы үчүн прогрессивдүү жаштарды, жарандарды жана күчтөрдү баш кошуп, биригүүгө жана бирге аракеттенүүгө чакырат.

«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылынын жетекчиси Кубат Оторбаев

Мүчөлүккө тизме ачык: