Ушул жылдын 24-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин түзүлгөндүгүнө 60 жыл толгон, башкача айтканда жарым кылымдан ашык өмүр сүрдү десек жаңылышпайбыз. Аны учурда милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев жетектөөдө. ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев ар бир ардагеринин тагдырына күйүп бышкан тынчы жок инсан. Региондордогу ички иштер органдарынын ардагерлеринин дагы социалдык турмушуна, акыбалына өзгөчө көңүл буруп, кабарлашып турат. Учурда 17 миңден ашуун ардагерибиз бар.


Жакшылыктын эрте кечи жок дегендей, 18-ноябрь күнү ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаевдин демилгеси менен Кыргыз милициясынын жалпы республика боюнча район, областтардын ардагерлери чогулуп, майрамдык маанай тартууланды. Аталган майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, министрдин орун басарлары Октябрь Урмамбетов, Эркебек Аширходжаев, Бишкек ШИИББдин начальниги Канат Джумагазиев, Чүй ОИИБдин начальниги Сапар Асаналиев, жана кыргыз милициянын ардагердери катышты. Иш-чаранын башында ички иштер министри Улан Ниязбеков милициянын ардагерлерине түзүмдүк сыйлыктарды тапшырды.


“Ички иштер министрлигинин жетекчилиги кыргыз милициясынын ардагерлеринин өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жана коопсуз жашоосуна арнаган кызматын жогору баалайт. Биз ардагерлерибиз үчүн татыктуу жашоо шартын түзүп берүү, алардын саламаттыгына кам көрүү — негизги милдеттерибиз деп эсептейбиз. Министрлик ардагерлерибизге кам көрүүнү жакшыртуу боюнча бардык аракеттерди көрүүдө. Сиздердин кыргыз милициясынын калыптанышына, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту камсыздоодо салымыңыздар зор. Милициянын жаш мууну үчүн сиздер үлгүсүздөр. Сиздерге узун өмүр, бакубат жашоо жана дөөлөттүү карылыкты каалайм”, — деп Улан Ниязбеков кутуктоо сөзүн жыйынтыктады.


ИИМдин Басма сөз кызматы