COVID-19. Сутка ичинде дагы 422 жарандан вирус аныкталды. Бишкек менен Чүйдө оору көп катталууда

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония 422 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымат тартты.
Жаңы учурлар:
Бишкек – 130
Ош – 22
Чүй облусу – 93
Ош облусу – 45
Талас облусу – 20
Нарын облусу – 16
Ысык-Көл облусу – 51
Жалал-Абад облусу – 24
Баткен облусу – 21
Жалпы өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 68 миң 316га жетти.