Кыргызстандын Россиядагы элчилиги миграциялык каттоонун мөөнөтү боюнча түшүндүрмө берди.

Элчиликтен белгилешкендей, COVID-19 пандемиясына байланыштуу 15-марттан 15-декабрга чейин чет элдик жарандардын Россияда убактылуу болушунун, убактылуу же туруктуу жашоосунун, КР жарандарынын миграциялык катттоого турган мөөнөттөрүнүн өтүүсү токтотулду. Аталган аралыкта КР жарандары миграциялык каттоонун мөөнөтүн узартуусунун кажети жок.

“КР жарандарынын 15-марттан 15-декабрга чейинки аралыкта аяктаган миграциялык каттоосу, анын мөөнөтү бүткөн күндөн тартып 276 күн ичинде жарактуу болуп, КР жарандары мамлекеттик кызматтарды ала алышат (айтылган дарек боюнча жашаган учурда)”, — деп билдирет элчилик.

КР жарандары жашаган жерин (убактылуу турган жерин) өзгөрткөндө, жашаган жери боюнча каттоого турушу керек (убактылуу турган жери боюнча).

Ошондой эле административдик жол менен Россия аймагынан чыгаруу чечими кабыл алынган, Россия аймагына кирүүсүнө уруксат берилбеген же келиши жактырылбайт деген КР жарандарынын өз ыктыяры менен Россиядан кетүү убактысы 15-декабрга чейин узатылган.

“15-декабрга чейин чет элдик жарандар, анын ичинде КР жарандарына карата (абактан бошотулган, чек ара мыйзамдарын бузган, улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан, террорчулук иш-аракеттерди жасаган жана көмөк көрсөткөн адамдардан тышкары) административдик жол менен чыгаруу, депортация, Россияда жүрүү убактысын кыскартуу боюнча чаралар каралбайт”, — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда өздүгүн күбөлөндүргөн (жана Россия тааныган) документтеринин мөөнөтү 14-марттан кийин аяктаган КР жарандары 15-декабрга чейин Россиядан учак менен учуп кете алышат (бирок башка өлкөнүн аймагы (транзит) аркылуу эмес).