Учурда кинотеатрларды жана фуд-кортторду ачуу маселеси өкмөттүн кароосунда турат.

“Бул мекемелер Республикалык штаб тиешелүү чечим кабыл алса иштей баштайт”, – деп билдирди бүгүн, 19-ноябрда COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штаб.

Эскерте кетсек, кечээ, 18-ноябрда жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып Бишкекте жакынкы күндөрү кинотеатрлар жана фуд-корттор иштей башташы мүмкүн экенин жазып чыгышкан.

Эске салсак, ушул жылдын март айынын аягынан бери коронавирус пандемиясынын кесепетинен кинотеатрлар менен театрлардын, соода борборлорунун жана балдар аянтчаларынын иши токтотулган. Убакыттын өтүшү менен айрым чектөөлөр алынып салынды, бирок кинотеатрлардын ишине тыюу салынган бойдон калды. Кинотеатрлардын ээлери шаар мэриясына жана республикалык штабга алардын иштешине уруксат берүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышкан.