Парламентке депутаттарды шайлабыз деп шымаланып атып, жеп жутаарларды шайлап ала калып, аз жерден мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп ала жаздадык. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон коомчулук, саясий күчтөр өз позицияларын билдирип көчөгө чыкканда мурдагы жүүнү бош бийоиктин эси эки болуп, этегин жыя албай, өлкө укутук талаадан көчүгү кыйшая түштү. Акыл эси толук, аны-мунуну анализдей билген атуулдарыбыз бул кырдаалда бушайманга түштү.

Элдин эртеӊи, өлкө келечеги эмне болот деген түйшөлүү менен. Бирок, элибизде «Баатырды мезгил жаратат»-деген кеп бекер жерден айтылбаптыр. Элибиздин эртеӊи бүдөмүктөнө баштаганда, мамлекет тагдырын караӊгылык каптап келе жатканда кадимки эле Камчыке деген эренибиз кайрадан алдыга суурулуп чыкты.

Акыйкаттыкты айтышыбыз керек, Камчыбек Ташиев ошол кырдаалда батыл кадам таштап, пикирлеши, идеялашы, досу болгон жана да элдин ошол кездеги талабына шай келген адамды өлкө бийлигине алып келүүгө зор эмгек жасап, ал кадамы менен мамлекет бүтүндүгүн, өлкө келечегин, элибиздин эгемендигин сактап кала алды. Ырас, бүгүн да оор учурду баштан кечирүүдөбүз. Бирок, кырдаал көзөмөлдө. Камчыкедей берендер белди бек бууп, эл жүгүн моюндап жатканда эртеӊдерге үмүт зор.