2020-жылдын 18-ноябрь күнү Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында 2010-жылы июнь айындагы окуялар учурунда белгисиз жарандар тарабынан КРнын Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматкерлеринен тартылып алынган курал-жарактарды кайтарып алууга багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Өзгон районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Кызыл-Сенир айылынын 58 жаштагы тургуну С. А. О. өз ыктыяры менен “Автомат Калашников” үлгүсүндөгү ок атууу курлын ички ишер органына тапшырып берген.
Бул факты 2020-жылдын 18-ноябрында Өзгөн РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталган.
Аталган жагдай боюнча А.С жогоруда көрсөтүлгөн ок атуучу куралын, 2020-жылдын сентябрь айынын аяк ченинде Өзгөн шаарынын тургуну “Хатам” аттуу жаран Өзгөн борбордук базарынын аялдамасында турган жерине келип, ак түстөгү ун салынуучу баштыктын ичинде кандайдыр бир буюм салынып, үч жеринен байланган абалда “буюм Сизде туруп турсун”-деп бергендиктен, анын ичин карабай туруп А.С. алган буюмду үйүнө алып барып койгон.
2020-жылдын 18-ноябрында “Х” берген буюмду караган учурда анда ок атуучу курал бар экенин көруп, куралды капка оролгон абалда Өзгөн РИИБне өз ыктыяры менен алып келгендигин билдирген.
Аталган факт боюнча топтолгон материалдар 2020-жылдын 18-ноябрында Өзгөн РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 253-беренесиндеги көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Азыркы учурда аталган факт боюнча, алынган ок атуучу куралга соттук баллистикалык экспертиза дайындалып жана “Х” аттуу жарандын өздүгүн аныктоо боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүп жатат.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды таап алган жана мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал жарактарды жана жардыруучу заттарды тапшырууга чакырат. Ошондой эле өз ыктыяры менен тапшырган жарандар жоопкерчиликтен бошотула тургандыгын маалымдайт. Эгерде мыйзамсыз ок атуучу курал жарактарды жана жардыруучу заттарды сактаган учур аныкталса КРнын ЖКнин 253-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде жоопкерчиликке тартыла тургандыгын эскертет.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы