Бүгүн, 19-ноябрда Садыр Жапаровдун мурунку пресс-катчысы Дастан Дүйшөкеев  президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.  Бул тууралу бизге жеке булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-ноябрда КР Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы (Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2018-жылы дайындалган) Данияр Сыдыковду  кызматтан алган. Анын ордуна бүгүн Дастан Дүйшөкеев жумушка чыккан.

Эсиңиздерге сала кетсек, 14-октябрда Премьер-министр Садыр Жапаров Дастан Дүйшөкеевди өзүнүн пресс-катчысы кылып дайындаган. Бирок 28-октябрда анын ордуна Галина Байтерек пресс-катчы болуп келген.

Дастан Дүйшөкеев 28-октябрдан тартып 14-ноябрга чейин КР Премьер-министри жана Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун кеңешчиси кызматын аркалаган.

Булак: KyrgyzToday.kg