Бүгүн, 19-ноябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн кезектеги жыйынында 12 президенттикке талапкерге документтерин кайтарып берди.

БШКнын жыйынында соттуулугу жоюлбагандыгына байланыштуу документтерди Бектур Асановго, Кубанычбек Кадыровго, Нурлан Мотуевге кайтарып берүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле, “Кыргызтест” тарабынан берилген мамлекеттик тилди билүү сертификаты көрсөтүлбөгөндүктөн, Анар Зарипова, Анаркүл Араева, Юлия Лилиенталь, Елена Клипачева, Жээнбек Искендеров, Куттумидин Базаркулов, Чыңгыз Капаров, Тынчтык Акжолтой жана Султан Ажиматовдордун документтерин кайтаруу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, алгач шайлоого катышуу ниетин 65 талапкер берилген. Бирок, 3 талапкер: саясат таануучу Бакыт Бакетаев жана “Элдик” кѳп тармактуу ишкананын башчысы Жыпаркул Тургуналиев жана №44- мектептин мугалими Карагач Исмаилова өз каалоолору менен арыздарын кайтарып алышкан.

Ошондо бүгүнкү күнгө, 19-ноябрга карата президенттикке 50 гана талапкер калды.