![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/11/МВД_логотип.jpg)
Кылмыш-кырсык
ИИМ: Кыргызстанда 20-ноябрга карата 199 кылмыш, 137 жоруктар каттоого алынган
Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Республика боюнча 2020-жылдын 19-ноябрынан 20-ноябрына чейин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 199 кылмыш, 137 жоруктар каттоого алынган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ички иштер органдары тарабынан кылмыштарды аныктоо, бетин ачуу жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда. Республика аймагында укук бузууларды алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы