Коом

Бүгүн 20-ноябрь балдардын Эл аралык күнү

20-ноябрь балдардын Эл аралык күнү. Буга байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында балдардын укуктарына арналган иш-чаралар өтөт. Мектептерде балдардын укуктары, зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча маалыматтар берилет.
Майрамдын өзөгү — балдардын жашоосуна шарт түзүп берүүнү жакшыртуу. БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы боюнча 20-ноябрь Балдардын эл аралык күнү деп бекитилген. 1959-жылы 20-ноябрда “Балдар укуктарынын декларациясы”, 1989-жылы “Балдар укуктарынын конвенциясы” кабыл алынган.
Балдар жана өспүрүмдөр коомдун аялуу мүчөлөрү болуп саналат. Тилекке каршы, учурда өнүккөн өлкөлөрдө болобу, жакыр мамлекеттердеби алардын кызыкчылыктары менен укуктары бузулуп жататканы маалым. Алардын канааттандырарлык эмес шарттарда жашаганы балдардын укуктарын эң көп бузган көрүнүштөрдүн бири. Коопсуз, туруксуз жашоо-шарты жана санитардык эрежелер сакталбаган чөйрө балдардын жашоосуна жана өнүүсүнө бир топ кыйынчылык жаратат. Антисанитардык шарттарда ден-соолуктун болушу мүмкүн эмес, ошондой эле коопсуз ойной турган жер жок болгондо ойноо укугунан дагы ажыроолору толук мүмкүн.
БУУнун маалыматы боюнча, жыл сайын он бир миллион бала беш жашка чыкканга чейин көз жумса, дагы он миллиондогон адамдар физикалык же психикалык жактан оорулуу болуп, өсүүгө, жашоого жана өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Бул өлүмдөрдүн көпчүлүгү оңой эле алдын алууга же оңой эле айыктырууга мүмкүн болгон оорулардан улам келип чыгат; айрымдар жакырчылыктын, сабатсыздыктын, басмырлоонун жана зомбулуктун кесепетинен улам мындай кырдаалга туш болгон. Бул көрүнүш үй-бүлөлөрдү, жамааттарды, элдерди жана дүйнөнү жоготууга алып келет. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, дүйнөдө учурда 385 миллион бала жакырчылыкта жашайт.
264 миллион бала мектепте окубайт. Балдарды коргоо күнүндө ар кайсы өлкөлөрдө, жардамга муктаж балдарга коомдук жана коммерциялык уюмдар тарабынан кайрымдуулук акциялары жана иш-чаралар өткөрүлүп турат.Бул күнү дүйнө жүзү боюнча балдар өздөрүнүн укуктары тууралуу маалымат алып, зордук-зомбулукка жана адилетсиздикке каршы иш-чаралар уюштурулат. Эскерте кетсек, мындан тышкары Эл аралык балдарды коргоо күнү жыл сайын 1-июнда белгиленет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button