“Жөө күлүк” тасмасы Кыргызстандын атынан Оскар сыйлыгына көрсөтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызстандын Оскар комитетинен билдиришти.

Кечээ, 19-ноябрь күнү Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө аталган комитеттин отуруму өтүп, анда “Оскар” сыйлыгынын “Эл аралык толук метраждуу мыкты тасма” номинациясына “Жөө күлүк” тасмасын көрсөтүү чечими кабыл алынган.

Тасманын режиссеру — Мирлан Абдыкалыков.

Эскерте кетсек, “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи Лос-Анджелесте “Долби” театрында 2021-жылдын 25-апрелинде болуп өтөт.