Бүгүн, 2020-жылдын 21-ноябрь күнү, Кара-Көл шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички аскерлеринин 718-аскер бөлүгүндө күзгү чакырыктагы жаш жоокерлерди Аскердик антка келтирүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Жаш жоокерлер бир ай ичи аскер бөлүктүн колбашчылыгынын, жооптуу офицерлеринин жана старшиналарынын туруктуу көзөмөлүндө окуу курсун өтүшүп, аскердик кесиптин алгачкы билимдерин алышты. Окуу жыйын учурунда биздин жаш жоокерлерибиз мамлекеттик укуктук, саптык, ок атуу, атайын тактикалык жана башка күжүрмөн даярдыгынан сабактарын окуп үйрөнүштү. Келечекте алар аскердик иш күндөрүндө негизделген аскердик иштерди кемчиликсиз практикалык өркүндөтүүгө өтүшөт.
Салтанаттуу иш-чарага ИИМдин Ички аскерлеринин 718-аскер бөлүгүнүн командири полковник Сардарбек Бакыев катышты.
“Бүгүн, Силер Ата-Мекенге антыңарды жана убадаңарды берип турасыңар, бул чыныгы жигитке жооптуу жана шексиз, татыктуу кадам! Кызмат өтөө мезгилинде силер Ата-Мекендин чыныгы патриоту болуусуна, аскердик иштерди, чечкиндүүлүккө жана туруктуулукка үйрөнөсүңөр. Мен Силерге сый-урмат менен татыктуу кызмат өтөөңүздөрдү каалаймын!”,-деп өз сөзүндө айтып өттү.
Мамлекетибиздеги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, Ички коопсуздук аскер кызматында алгачкы жолу жаш жоокерлерди Аскердик антка келтирүү аземине ата энелери жана жакын туугандары катышкан жок. Жаш жоокерлерди ант берүү аземи бөлүктүн командачылыгынын жана куралдаштарынын катышуусунда өткөрүлдү.
Салтанатттуу иш-чараны жаш жоокерлердин кыска мөөнөт даярдоосунда өткөн саптык машыгуу көрсөтмө көнүгүүсү, кол-уруш ыкмалар көрсөтмө конүгүүсү менен улантылып, Кара-көл шаарынын Маданият сарайынын чыгармачыл жааматы даярдаган майрамдык концерти менен аяктады.
ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы