2020-жылдын 20-ноябрында УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун (УКТ) ишмердүүлүгүн аныктап, жоюу багытында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Чүй областында Чач каймана аты бар УКТ актвидүү мүчөсү Э.М. кармалды.

Такталган боюнча, Э.М. буга чейин 2015-жылы Беларусь Республикасында киши колдуу болуп өлтүрүлгөн криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон.  Кармалган адам Кыргыз Республикасынын аймагында бир катар кылмыштарды кылган деп шектелип келүүдө, тактап айтканда Жалал-Абад областындагы атышууларга жана башка резонанстуу криминалдык талашдардын фактыларына тиешеси бар.

Белгилей кетсек, криминалдык авторитет Э.М. жана ал башында турган кылмыштуу топ, “Кыргызнефтегаз” ААК мурунку жетекчиси Р.Бостонов тарабынан колдонулуп, Жалал-Абад областынын ишкерлерине жана тургундарына күч колдонуу менен коркутуп, мыйзамсыз иш аракеттерди жасап келгендиги тууралуу жергиликтүү тургундардан өтө көп кайрылуулар келип түшкөн.

Бул фактылар боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын биридктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК камак тергөө жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК Э.М. кылмыштуу ишмердүүлүгүн изилдеп, ага катыштыгы бар тараптарды аныктап, кармоо багытында тиешелүү иш чараларды улантууда.

 

КР УКМК Басма-сөз борбору, тел. 661455