Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Республика боюнча 2020-жылдын 22-ноябрынан 23-ноябрына чейин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 123 кылмыш, 82 жоруктар каттоого алынган.

Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ички иштер органдары тарабынан кылмыштарды аныктоо, бетин ачуу жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда. Республика аймагында укук бузууларды алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы