Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылынын эли биргеликте каражат топтоп, тез жардам унаасына ыңгайлаштырылган «Мерседец- Бенц» Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасын аймактагы үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна белекке беришти.
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн айылдарын тейлеген тез жардам унаасынын абалы учурда капиталдык ремонтко муктаж болгондуктан, толук кандуу иш алып барууда кыйынчылыктарга дуушар болуп келген.
Тез жардам унаасы Кара-Булак жана Бужум айылынын 15миң калкын тейлейт.
Белгилей кетсек Бужум айылынын жаштары буга чейин да, облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, карантиндик чектөөлөр кабыл алынган учурда, коомдук транспорттор токтогон мезгилде 30 га жакын медицина кызматкерлерин жумушка жеткирүү үчүн транспорттук муктаждыктарын чечип беришкен.
Ошондой эле саламаттыкты сактоо мекемелерине жасалма дем алдыруучу аппараттарды алып беришкен.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы