Биринчи Динамо коому 1923-жылдын 18-апрелинде Москвадагы Бириккен мамлекеттик саясий башкармалыгынын кызматкерлеринин демилгеси менен түзүлгөн. Демилге бүткүл СССР боюнча колдоого алынып, 1927-жылы ушундай эле коом биздин өлкөдө дагы түзүлгөн. Алгачкы аты — «Динамо» Пролетардык спорттук коом.
“Динамо” өзүнүн 93 жылдык тарыхында эл аралык мелдештерде жана Олимпиадаларда республиканын спорттук намысын коргогон жүз миңдеген спортчуларды тарбиялады. 1980-жылы Москва олимпиадасында СССРдин курама командасынын эсебине алтын алып келген легендарлуу динамочу-олимпиадачылар Александр Мелентьев менен Татьяна Колпакованын ысымдарын айтып кетүү жетиштүү.
Азыркы учурда коомдун спортчулары мелдештерде жогорку жетишкендиктерди көрсөтүшүүдө. 2020-жылы өтө турган спорттук иш-чаралар кийинкиге калтырылган же токтотулган. Ошондуктан, өткөн жылы биздин спортчулар жакшы жыйынтыктарды көрсөткөндүгүн эстетип кетели.
2019-жылы самбо боюнча Азия Чемпионатында Кыргызстандан байгелүү орундарды ээлеген спортчулардын жарымы Динамочулар болушат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Динамо» курама командасы Казак Республикасынын УКМКнын полковниги Жакан Медеубаевди эскерүүгө арналган волейбол боюнча эл аралык мелдеште жеңишке жетишкен. Ага Казакстан, Россия жана Өзбекстандын командалары катышкан.
Андан сырткары, милициянын генерал-майору Чыныбек Алиевди эскерүүгө арналган кичи-футбол боюнча кубок, милициянын полковниги Анвар Алиевди эскерүү боюнча кичи футбол боюнча Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын биринчилиги, генерал-майор Темиркан Субановду эскерүүгө арналган улуттук күрөш боюнча милициянын бөлүктөрүнүн чемпионаты, милициянын полковниги Игорь Кривовту эскерүүгө арналган ардагерлер арасында ок атуу боюнча турнир болуп өттү. Бул болсо Динамонун иш-чараларынын жана жетишкендиктеринини аз бөлүгү.
Бүгүнкү күндө мыкты спортчулардын бири — Эрлан Шеров, ал Токио Олимпиадасына жолдомо утуп алган дзюдочу. Азыр дзюдо күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк рейтингде ал биринчи орунда турат. Тилекке каршы, Олимпиада быйыл болгон жок, ал 2021-жылы Токиого барып, өлкөбүздүн намысын коргойт деп ишенебиз.
Учурда «Динамо» кыргыз коомун самбо күрөшү боюнча спорт чебери, милициянын полковниги Төрөкул Мадалиев жетектейт.
Төрөкул Мамажакыповичтин айтымында, спорт менен алектенгендердин 80 % ИИМдин Борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн милиционерлери, калган 20 % кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, алардын балдары болуп саналат. Ички иштер органдарынын тутумунда дене тарбияга жана спортко өзгөчө көңүл бурулат.
Коомдун төрагасынын айтымында, «Динамо» азыр өлкөдөгү жалгыз спорт коому болуп саналат, анда спорт менен алектенүү үчүн бардык керектүү нерселер менен жабдылган. Акыркы жылдары Динамонун имараттарында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, күрөш залы, ок атуучу жай, спортзал, ачык спорт аянтчасы оңдолгон. Эки кабаттуу имарат курулуп, ал жерде электрондук ок атуу тири жана ордо оюнун ойноо үчүн аянтчасы жайгашкан. Бардык жерде машыктыруучу бөлмөлөр, кийим чечүүчү бөлмөлөр, жуунучу бөлмөлөрү менен камсыздалган.
Төрөкул Мадалиев СССРдин спорт чебери, ал өзү 19 жыл бою Динамонун залдарында машыгып келет. Спорттук коомдун өнүгүшү, анын толук кандуу иштеши үчүн терең кам көрүүдө. Ал үчүн демөөрчүлөрдү тартып, динамочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү үчүн болгон күчүн жумшоодо.
ИИМдин Басма сөз кызматы