Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал акырындык менен турукташуу жолуна түшүп келатат. Бул тууралуу бүгүн Биринчи радионун эфиринде Республикалык ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу ооруларды алдын-алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев билдирди.
Анын белгилешинче, жайында болгон оорунун биринчи толкунуна караганда өлүмдүн көрсөткүчү аз жана врачтардын бейтаптарды дарылоодогу тажрыйбасы калыптанып калды. Адис жарандарга кайрылып, суукта иммунитетти чыңдап, тамак-аш рационуна көңүл буруу керектигин эскертти. Маселен, витаминдүү, белоктуу азыктарды жеп, суюктукту ченеми менен ичүү керектигин жана малдын майын дагы жеп турууну ал сунуш кылды.
Булак: Биринчи радио