Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов, КР Айыл чарба тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, Баткен шаарында, Баткен өсүмдүктөр карантини башкармалыгынын имаратына капсула салышты.

Имараттын жалпы сметалык баасы 10млн 650миң сом. Курулуш   2021жылдын апрель айына бүткөрүү пландалган.

Имаратта лабораториялык кааналар, окуу кааналары,иш бөлмөлөрү жана башка тийиштүү болгон бардык шарттар каралган.

Кыргызстандын  Евразия экономикалык биримдигинде мүчө болуусу менен, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды жөнгө салууга  өзгөчө маани бериле баштаганы маалым. Бул аракеттер өсүмдүктөрдүн карантиндик чараларын коргоого шарт түзүүдө.

Иш кананын курулушу, аймактагы кооптуу, зыяндуу, продукциялардын  таркалышын алдын алууда  коопсуз жана натыйжалуу ыкмаларын колдонуу менен иш алып барууга өбөлгө болот. Бул аракет биринчи кезекте айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жана ишкерлердин ишин илгерилетүү максатын көздөйт. Анткени буга чейин Баткенде лабораториянын жоктугунан,экспорттоочу продукциянын сапатына күмөн жаралган учурда Ош шаарындагы лабороториядан текшерүүгө мажбур болушкан.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы