Жалал-Абад шаарында 1-5-9-11-класстын окуучулары бүгүн, 23-ноябрдан тарта кадимки шартта мектепте окуй баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мектептерде санитардык эрежелер так сакталып, бардык талаптар аткарылууда. Аралык сакталып, атайын каражаттар менен камсыздалган.