АКШ бизге шайлоодон жардам берээрин айтты. Почта аркылуу добуш берген, ошондой эле президентти шайлай турган шайлоочулар үчүн добуш берген өлкө, автоматташкан башкаруу системасы аркылуу (АБС) шайлоосунун натыйжасы 15 минутта белгилүү боло турган өлкөгө жардам берет.

Эмгиче шайлоосунун тыянагы билине элек өлкө жана президент Трамп шайлоону фальцификациялаганы үчүн сотко бергени жаткан өлкө, бизге адилеттүү шайлоолорду өткөрүүгө жардам бермей болду.

АКШ 5-октябрда Кыргызстанды конкуренция шартында тынч жол менен шайлоо өткөрүп алганы үчүн куттуктаган. Андан кийин эмне болгонун баарыбыз жакшы билебиз. Негизи шайлообузду биз өзүбүз эле өткөрсөк болмок. Колубуздан кандай келсе ошондой өткөрсөк: шайлоо участокторунда мыйзам бузуулар нөлдүн деңгээлине барабар натыйжа менен. Дүйнөдө  АБС жана кол менен тез эсептөө жагынан бизге теңтайлашчу өлкөлөр аз.

АКШ бизге  кантип жардам берет?

Бизге почта менен кантип добуш берүү жагынанбы? Бирок, андай бизде жок да, болсо да демократияга жатпайт деп айтышмак.  Кээ бир участоктордо конгресске альтернативасыз шайлоо өткөргөн жагынан жардам береби? Адамдар, маселен ошол эле Байден ондогон жылдар боюу кантип парламентте олтурса болоорун үйрөтүү жагынанбы?  Кыргыз Республикасы, анын жарандары жана жооптуу жетекчилери шайлоону жогорку деңгээлде өткөрө алышаарын далилдешти.

Тилекке каршы батыштын демократиясы өзүлөрү универсалдуу деп эсептешкен либералдык парадигмасынын ичинде гана талаш-тартышка жол берүүгө даяр.

Ошондой эле сырткы таасир да өтө маанилүү. Кыргызстан 2010-жылы батыштын жана батышчыл жергиликтүү эксперттери жазган, USAID түз же өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу төлөгөн Конституция менен  жашап жатат. Баш аламандык жана башкаруу вертикалын жоготуу, өлкөнү азыркы абалга алып келди  – социалдык желеде өтө активдүү, жакшы кирешелүү, түздөн-түз  көп сандаган долбоорлордун максатын ишке ашырышкан, аз сандагы өкмөттүк эмес уюмдардын тобу мактаган жалган эркиндикке алып келди.

Америкалык көптөгөн долбоорлордун өзгөчөлүгү – инфраструктурага түздөн-түз көмөктөшө турган гранттык каражаттардын берилбегендигинде. Каражаттар бир айдын ичинде эле оң миңдеген доллар алуучу өздөрүнүн консультанттарына коротулат. Мейли, ал ошолордун акчасы, бирок, кийин ал суммаларды биздин өлкөгө берилген жалпы жардамдын ичине кошуп коюшат. Ушундай долбоорлордун натыйжасында, биз жер-жерлерде анархияга дуушарландык – Коомдук Уюмдар баардык ресурстарды башкаруу жагын басып алышкан: сууну, жайыттарды, имарааттарды жана курулуш объектерин. Бирок, бир да бирөө үчүн эч кандай жооп беришпейт.

Азыркы Конституция негиз болгон бул долбоорлордун максаты – өлкөнү өзүнүн табигый союздаштарынан ажыратып, баш аламандык жаратып жана аны колдоп туруу.

АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн башкы максаты – террористтер  сепаратисттер жана экстремисттердин ячейкалары жайгаша турган туруксуз зоналарды түзүү аркылуу, РФ менен КЭРге дайыма коркунуч жаратуу.

Кыргызстанга иш жүзүндө «Карго»[1] культун таңуулашкан. Эгер биз эң либералдашкан үлгүдөгү Конституция түзө турган болсок, анда бизди сөзсүз прогресс күтүп турат деген культ.

2010-жылдагы Конституция баарына ким жооп берет деген башкы суроого жооп бербейт. Парламентпи жана айылдык кеңештерби? Жок, алар эч нерсеге жооп беришпейт. Президент дагы экономикага жооп бербейт. Өкмөт дагы туруксуз, тигил же бул партия коалициядан чыкса эле, бат-баттан отставкага кетип турат.  Өкмөттүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүбү жана акимдерби? Алар да эмес, анткени алардын бюджети жок.

Андан да АКШнын диктовкасы менен жазылган Конституция кыргызстандыктарды тандоо укугунан ажыраткан. Биз парламентке кимди шайлайбыз? Партияларды. Депутаттардын акыркы тизмеси кантип түзүлөт? Шайлоодон кийин акыркы тизме берилет, алар аны каалагандай түзүп коюшат. Шайлангандан кийин депутаттар партияларга баш ийбей коюшат жана конкреттү шайлоочуларынын алдында отчет да беришпейт. А АКШнын өзүндө да конгрессмендер округдардан шайланышат. А аларда президенттик республика. А бизде  президент экономикага жооп бербейт да жана мүмкүнчүлүгү да чектелүү. Биздин кошуналарыбыз 10 жылдан бери айтып жатышат, олуттуу жана узак мөөнөттүү долбоорлор тууралуу сүйлөшүүгө бизде эч ким жок дешип.  Президент 6 жылга шайланат. Премьер-министр кичинекей бир партиянын жана анын лидеринин кергиштегенинин айынан отставкага кетиши ыктымал. Депутаттар элге отчет бербейт.

Мындай жоопкерчиликсиз Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө эл маселе коёр замат эле, өкмөттүк эмес уюмдар дароо кыйкырып чыгышты. Алар баарын ошондой бойдон калтырып койгулары келишет, эң башкысы эптеп эле грантка жетип, чет өлкөгө чыгып, чоң айлык алып жашасак дешет, ошол эле учурда алар Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн иштеп атабыз деп айтыш үчүн аракеттенишет.

Эгер АКШ шайлоого жардам бергиси келсе, анда консультанттарына жана тренингдерге, окуу материалдарынын презентацияларына каражаттарды жумшабай,  шайлоону уюштурууга жардамдашсын. А жогоруда айтылгандай шайлоо өткөрүү боюнча алардын тажырыйбасы күмөнсүнтөт жана аны пайдаланыштын эч кандай кажети жок, жардам беримиш болуп, Кыргызстанды өзүнүн табигый союздаштарынан ажыратып, баш аламандык чыгаргысы келгендерге ишеничтин да кереги жок.

Мирлан Туменбаев

[1] Океаниянын кээ бир аборигендери, эгерде пальмадан натуралдык чоңдуктагы аэродромдун моделин куруп, анан жоокерлердин формасына окшош татуировка жасашса, сөзсүз тамак-аш жана башка товарларды алган самолет учуп келет деген ишеним.