Жакында ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын кызматкерлери менен биргеликте жазаларды аткаруу мекемесинин аймагына уруксат берилбеген предметтерди киргизүү фактысын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.
№1 тергөө абагында кармалгандар үчүн алынып келинген тамак-аштын арасын кароо учурунда болжол менен 13 граммды түзгөн кара куурайдай кескин жыты бар зат табылып алынган. Аталган факты №1 тергөө абагынын кабыл алуу блогунда аныкталган. Чүй облусунун 1986-жылы туулган жашоочусу алып келген тамак-ашта катылган жогорудагы уруксат берилбеген зат табылган. Кийинчерээк экспертиза корутунду чыгарып, ал “гашиш” баңгизаты болуп чыккан.
ИИМдин жана ЖАМКтын бул багытта бирдиктүү иштери уланууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы