Биринчи Май райондук соту бүгүн Темирлан Ормуковдун Текебаевдин мандаты мыйзамсыз берилген деген арызын канааттандырган. Ал бул иши боюнча Facebook баракчасына жазып чыккан чыккан.

Бул тууралуу «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев соттор дагы деле саясий чечимдерди кабыл алып жатат деген пикирин билдирди.

«Бул саясий чечим экенин мен так айтып коюшум керек. Бүгүнкү бийликтегилер фракция башчыларынын жана башка күбөлөрдүн алдында мага «мандатты керек болсо алып коёбуз деп айткан учурлары болгон. Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат«, -деди Текебаев.

Эскерке кетсек, Садык Шер-Нияз 12-октябрда өз мандатынан баш тартып, аны партия лидерине өткөрүп берүүнү суранган. БШК өтүнүчтү кабыл алып Текебаевге  депутаттык мандатты 15-октябрда берген.

Булак: Медиасентр сайты