КРнын Финансы полициясынын жумалык ыкчам кеңешмесинин жүрүшүндө төрага Жапыкеев Сыймык Асылбекович бүгүнкү күндө актуалдуу болгон ишкерлердин укуктарын коргоо жана республикада инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

С.А. Жапыкеев кызматтын кызматкерлерине өлкөдөгү түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бизнестин ишмердигине олуттуу таасир тийгизгендигин маалымдаган.

“Коронавирус чындыгында күтүлбөгөн көрүнүш болуп, өлкөдөгү экономикалык кырдаалга өтө терс таасирин тийгизди жана биз бизнестин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган катары ишкерлерге тийиштүү колдоо көрсөтүүгө милдеттүүбүз.

Биздин башкы жана негизги милдетибиз – бизнести коргоо жана мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын камсыз кылуу. Ак ниетсиз, коррупциялашкан аткаминерлердин бизнеске кысым көрсөтүүсүнө жол берген терс факторлорду жок кылуу керек. Фискалдык органдардын ашыкча активдүүлүгү мамлекеттин ишкердик климатына ушундай оор мезгилде тоскоол болууда. Финансы полициясы ишкерлерге кысым көрсөтүү жана аларды негизсиз куугунтуктоо фактыларын кылдат тергеш керек. Мындай укук бузуулар мыйзамга жана экономикалык ишмердигин эркиндигине болгон ишенимди кетирет. Инвестор үчүн эң башкысы бийликтин чынчылдыгы жана калыстыгы”,- деп айтылат билдирүүдө.

Кеңешменин аягында төрага Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары – ЭККМК) түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларына жарандарды жана ишкердик субъекттерин жалпы республика боюнча үзгүлтүксүз кабыл алууну уюштурууну тапшырган.

Ал ошондой эле калкты жеке кабыл алууну уланта тургандыгын белгилеген, бул бизнес-коомдоштукту жана жарандарды түздөн-түз угууга, ошондой эле мамлекеттик органдардын, анын ичинде ЭККМКнын кызматкерлеринин өзүлөрү тарабынан мыйзамсыз кийлигишүүлөрдүн алдын алууга мүмкүндүк берет. Ал эгерде ага мыйзамсыз жүрүм-турум жөнүндө же ЭККМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу бизнестин ишмердигине кандайдыр бир кысым көрсөткөндүгү жөнүндө маалымат жетип калса, жумуштан бошотууга чейинки эң катаал чаралар көрүлөрүн эскерткен. Финансы полициясы органдарына жүктөлгөн милдеттерди чечүүнүн натыйжалуулугу кадрлардан, алардын кесипкөйлүгүнөн жана иш-билгилигинен түздөн-түз көз каранды.