Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фонду (ЮНИСЕФ) кийинки жылы өнүгүп келе жаткан 92 өлкөгө COVID-19га каршы эки миллиард вакцина жана бир миллиард ийне (шприц) жеткирип берүүнү пландап жатат.

ЮНИСЕФ буга чейин деле жыл сайын башка жугуштуу ооруларга каршы вакциналардын 2 миллиард дозасын сатып алып, дээрлик 100дөй өлкөдөгү эмдөө иштерине пландуу түрдө көмөк уюштуруп келчү.

Уюм «тарыхта болуп көрбөгөндөй эң ири жана өзгөчө ыкчам аткарылчу иш-чаранын» алкагында логистика маселесин чечүү үчүн жүздөгөн жүк жеткирүү жана глобалдык-логистикалык компаниялар менен иштешип жатканын билдирди.

«Бул баа жеткис өз ара кызматташтык дал ушул тарыхый жана опол тоодой иш-аракетке зарыл болгон жетишерлик мүмкүнчүлүктү камсыз кылууда зор мааниге ээ», – деди ЮНИСЕФтин жабдуу маселелери боюнча бөлүмүнүн директору Этлева Кадилли.

Өткөн дем алыш күндөрү Эр-Риядда виртуалдык ыкмада өткөрүлгөн «Чоң жыйырмалыктын» саммитинде Батыш Европанын эки ири өлкөсүнүн өкүлдөрү тынчсыздандырчу маалыматты айтышкан. Ага ылайык, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө колдоо үчүн атайын каражатты топтоо иши кечигип жаткан чакта, бай мамлекеттер вакциналарды сатып алууга киришүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”