Кыргызстанда 100 миң сомго чейин насыя алган 673 миңден ашык жаран алдыдагы 3 айга (декабрь, январь, февраль) насыялардын үстөгүн төлөөдөн бошотулат. Бул тууралуу финансы министрлигинен билдиришти.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, быйылкы жылдын 1-октябрына карата банк системасынын активдери 280,8 млрд сомду түзүп, анын 158,7 млрд сому кредиттик портфель болуп саналат: 508 миңден ашык насыя.

Банктык эмес каржы-кредиттик уюмдардын активдери 1-октябрга карата (ири өлчөмдө насыя берген микрокредиттик уюм жана атайын багыттагы каржы-кредиттик уюмдарды эсепке албаганда) 26,6 млрд сомду түзгөн. Анын 22,2 млрд сому кредиттик портфель болуп, ал 502 миңден ашык насыяны түзөт.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 1-октябрга чейин каржы-насыя уюмдары тарабынан берилген 100 миң сомго чейинки насыялардын 3 айлык үстөк төлөмдөрү дээрлик 1,2 млрд сомду түзгөн. Ал 673 миңден ашык насыяны түзөт. Алардын ичинен дээрлик 476 млн сомдук 283 миң насыя коммерциялык банктар жана дээрлик 776 млн сомдук 390 миң насыя банктык эмес каржы-кредиттик уюмдар тарабынан берилген.

100 миң сомго чейин насыя алган жарандардын 3 айлык үстөк пайызын төлөөгө 1,2 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат. Аны жаба турган булак катары экономикалык мунапыс жана мыйзамсыз кирешелерди адалдаштыруу иш-чараларынын алкагында түшө турган каражаттар көрсөтүлгөн.