Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттик кызматка талапкер болгон 65 кишиден БШКга арыз түшкөн. Бирок 2 адам өз талапкерлигин алып салган. Андан кийин 63 талапкердин ичинен ар кандай себептер менен 15 адам жарыштан чыккан. БШКдан белгилешкендей, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов менен Нурлан Мотуевдер соттолгондугу бар болгондуктан аларга документтери кайтарылып берилген.
“Кыргызтесттен” алынган мамлекеттик тилди билүү тууралуу сертификатты тапшырбагандыгы үчүн 9 талапкер жарыштан алынган.